Борбордо BMW X6 үлгүсүндөгү унаадан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Видео
RU

Борбордо BMW X6 үлгүсүндөгү унаадан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте унаадан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган көчөдө ИИМдин нөөмөт бөлүмүнө маалымат түшкөн. Москва көчөсүндө токтоп турган унаада 25-30 жаштар чамасындагы белгисиз адамдын жансыз денеси табылган.

Окуя болгон жерге барган РИИБдин тергөө-ыкчам тобу маркумдун өздүгүн такташканда 1993-жылы туулган К.С. аттуу жаран болуп чыккан. Зордук-зомбулук менен өлтүрпүлгөн сырткы белгилери болгон эмес.

Азыр текшерүү жүрүп жатат. Керектүү экспертизалар дайындалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5151