Кыргызстандык аскерлер Казакстандан кайтып келишти. Ташиев жана оркестр тосуп алды (видео)
RU

Кыргызстандык аскерлер Казакстандан кайтып келишти. Ташиев жана оркестр тосуп алды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 14-январда ЖККУнун контингентиндеги кыргызстандык аскерлер Казакстандан кайтып келишти. Аларды чек арадан оркестр тосуп алды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев жоокерлердин кайтып келишине комментарий берди. Ал Алматыдагы ТЭЦ-2ни Кыргызстандан барган аскерлер кайтарганын эске салды. " Анда эч кандай окуя болгон жок", - деди Ташиев.

Эске салсак, ЖККУнун контингенти Казакстанга президент Касым-Жомарт Токаевдин өтүнүчү менен киргизилген. Кыргызстандан жалпысынан 25-Скорпион атайын багыттагы бригадасынан 150 аскер кызматкери, сегиз бронетехника жана 11 аскердик техника жөнөтүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5152