Адахан Мадумаров: Эртең менен мени бир топ күч кызматкерлери күтүп турушту
RU

Адахан Мадумаров: Эртең менен мени бир топ күч кызматкерлери күтүп турушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Кыргызстандын Башкы прокуратурасында өтүп жаткан сурактан чыгып кетти.

Анын айтымында, эртең менен үйдөн чыкканда он чакты кишини көргөн. Алардын баары Ички иштер министрлигинен, УКМКдан жана прокуратурадан болгон.

"Мага эле эмес, "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын бардык мүчөлөрүнө кысым болуп жатат. Орозайым Нарматова да кайра-кайра суракка чакырылып жатат. Кечээ депутаттардын жыйыны саат 23:00дө аяктап, ошондой кеч бүтсө да кеңсенин сыртында дагы деле чакыруу кагазы бар кишилер күтүп отурушту", - деди Мадумаров.

Мадумаров 2019-жылы Баткен облусунун аймагындагы жерлерди сатуу боюнча козголгон иш боюнча күбө катары суракка чакырылганын кошумчалады.

"Менин оюмча, алар мени дагы суракка чакырышат. Партиялаштарга кысым уланып жатат. Кээ бир жаш депутаттарды ушинтип чакырыктары менен коркутабыз деп ойлошсо керек. Бирок "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөлөрүн коркута албайт деп ишенимдүү айта алам", - деп жыйынтыктады Мадумаров .

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5153