8 жаштагы Азалия кайрадан жардамга муктаж. Анын абалы тездик менен начарлап кеткен
RU

8 жаштагы Азалия кайрадан жардамга муктаж. Анын абалы тездик менен начарлап кеткен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

8 жаштагы кыргызстандык Азалия Алымбаева операцияга жардамга муктаж. Ал журналист Нурис Алымбаевдин кызы.

Эки жыл мурун Москвадагы клиникалардын биринин дарыгерлери Азалияга өнөкөт остеомиелит жана артериовеноздук кемчилик, башкача айтканда, беттин сөөк тканынын жабыркашы деген диагноз коюшкан. Андан кийин аларга операциясыз эле айыктырууга болоорун, организм пайда болгон көйгөй менен күрөшө алабы же жокпу, ошону байкаш керектигин айтышкан. Кыз карантинге байланыштуу кезектеги пландуу текшерүүгө шарты жок болуп, андан кийин да үй-бүлөлүк себептерден улам үй-бүлөсү кайрадан Москвага бара албай калган.

"2021-жылдын декабрь айында Азалиянын абалы кескин начарлап кетти. Дарыгерлерибиз дароо эле жардам бере албастыгын айтышты. Анан биз Москвага бардык", - дейт кыздын апасы Харуми.

Азалияга операция жасоонун бардык процедураларына кеминде 504 миң 500 рубль жана протез үчүн 96 миң рубль кетери эскертилген.

"Мындай сумманы чогултуу оңой болбосо да, баарын дароо төлөдүк. Бактыга жараша, үй-бүлө, достор бизге жардам беришти. Анан эмболизациядан кийин бизге 1 миллион 200 миң рубль төлөшүбүз керектигин айтышты. Дарыгерлердин айтымында, алдын ала эсептеп чыгуу мүмкүн эмес болгон, күтүүсүз өлчөмдө чыгым болуп кеткен. Биз Россиянын балдар клиникалык ооруканасынан чыкканга чейин бул сумманы чогултушубуз керек", - деп түшүндүрдү Алымбаева.

Ал өткөн жолу боорукер адамдардын аркасы менен дээрлик миллион рубль чогултулуп, Москвадагы бардык процедураларды төлөп беришкенин эске салды.

"Бул жолу баарын өзүбүз эле бүтүрөлү дедик, бирок мындай болуп кетет деп күткөн эмеспиз. Азыр бизге 50 сом же рубль болсо деле жардам керек, элден жардам берүүсүн суранабыз", - дешет кыздын жакындары.

Реквизиттер:

Сбербанк картасынын номери 4276380143734965 Якубжанова Жанара (Москвадагы жээни).

"Элсом": 0554450404 Алымбаева Харуми - апасы.

0558 82 87 77 Алымбаев Нурис - атасы.

"Мбанк": 996554450404 Алымбаева Харуми.

Карта "Кыргызстан Банк" 4177490178299147 Алымбаева Харуми.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5160