Сот залында оозун тигип салууга аракеттенген айыпталуучу. Аны күзөтчүлөр токтотуп калган
RU

Сот залында оозун тигип салууга аракеттенген айыпталуучу. Аны күзөтчүлөр токтотуп калган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жаза аткаруу кызматы Бишкекте айыпталуучу адам сот залында зым менен оозун төөнөгөнү тууралуу маалыматты четке какты. 15-январда "Азаттык" радиосуна мекеменин басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдиргендей, айыпталуучу Талгат Шамиев оозун төөнөөгө аракет кылган, бирок күзөт кызматкерлери ага жол беришкен эмес:

"Оозун тикпептир. Ачкачылык да жарыялабаптыр, тамак ичип жатыптыр. Сот залынан судьяга нааразылык билдирем деп аракет кылган экен".

2020-жылдын 28-мартында Нарында бычакталган Алмаз Сулаймановдун (кылмыш чөйрөсүндө Лимонти деген каймана аты бар) өлүмүнө шектүү катары кармалган 26 жаштагы Талгат Шамиевдин иши Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралууда. 14-январдагы отурумда судья аны камактан бошотуу тууралуу өтүнүчтү четке кагып, абактагы бөгөт чарасын дагы эки айга узартканы үчүн Шамиев оозун төөнөөгө аракет кылып жаткан видеосу интернетте тараган. Ал нааразылык иретинде акчачылык жарыялаганы да маалымдалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5171