"Биринчи вице-премьер-министр болууну сунуштагам". Жапаров Бактыбек Калмаматов тууралуу
RU

"Биринчи вице-премьер-министр болууну сунуштагам". Жапаров Бактыбек Калмаматов тууралуу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Бактыбек Калмаматовго биринчи вице-премьер-министр болууну сунуштаган. Бул тууралуу мамлекет башчы "Вечерний Бишкек" гезитине берген маегинде билдирди.

Калмаматовдун кармалышы саясий куугунтук эмеспи деген суроого жооп берип жатып, ал ага көңүл бурбаганын белгиледи.

"Эгер Бактыбек кадыр-баркы эң жок дегенде 10 пайыз эл колдогон саясатчы болсо бир жөн. Бир пайыз добуш албаган балага башымды оорутуп эмне кылам. Мен ал бала боюнча бир да жолу жаман сөз айткан эмесмин. Ошол эле убакта ал бала мен жөнүндө эмне деген гана ыплас сөздөрдү айтып келди. Бирок, мен көңүл бурган жокмун", - деп жооп берген Жапаров.

Жапаровдун айтымында, ал 2020-жылдын октябрь айында премьер-министр болуп турганда Калмаматовду чакырып, биринчи вице-премьер-министр болууну сунуштаган.

"Мен Премьер-министр болгондо 2020-жылдын 7-8 октябрь күндөрү Бактыбек Калмаматовду "биринчи вице премьер-министр болуп иштеп бер" деп кабинетиме чакыргам. "Байке, мен биринчи вице-премьер болуп иштей албайм, өкмөттүк иштерде иштеген эмесмин, тажрыйбам жок, ачыгын айтайын ишти тарта албайм, андан көрө мен депутаттыкка барам" деп кетип калган. Кийин карасам вицеликти тарта албайм деген Бактыбегим Президент болом деп чыкты.

Бул баланы артында турган карт бөрү карышкырлар "сен ушинтип кыйкырып чык" деп кокутуп сүрөп коюп жатышат. Алардын баарын кимдер экенин билебиз. Алардын да жооп берчү убактысы келет. Жаш бала алардын курмандыгы болуп калды. Фейк аккаунт ачып алып, элди кайраштырып, тополоң чыгып кетсе экен деп аракет кылып жатат. Кылган кылмышы үчүн жооп берсин да", - деди президент.

Бактыбектин тагдыры анын артында турган саясатчылар үчүн маанилүү эмес. Алар үчүн анын тагдыры бир тыйынга да арзыбайт. Мен жаш активисттерге – улан-кыздарга мындай саясатчылардын тузагына илинбегиле деп кеңеш берер элем.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5188