Адахан Мадумаров, Садыр Жапаров. Эмне болгон протокол үчүн келишпестик болуп жатат?
RU

Адахан Мадумаров, Садыр Жапаров. Эмне болгон протокол үчүн келишпестик болуп жатат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин тез-тез суракка чакырып, айыптоо сөздөрүнө караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы участокту ижарага алуу боюнча протокол боюнча козголгон кылмыш иши Адахан Мадумаров үчүн оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Бул маселенин тарыхын Kaktus.media эскерет.

Эмне болгон протокол?

2009-жылдын 3-мартында, Адахан Мадумаров Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда Тажикстан менен протоколго кол койгон. Ал эми тажик тараптан документке кол койгон киши - Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Амиркул Азимов.

Протоколдо тогуз пункт болсо, анын бири Төрт-Көчөнүн жер участогуна тиешелүү. Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоо жана жаңы көпүрө куруу үчүн Кыргызстан кыргыз-тажик чек арасындагы макулдашылбаган (Тажик тараптыкы дагы эмес, Кыргызстандыкы дагы эмес болгон жер) жерден 275 метр узундуктагы 5 гектар жерди 49 жылга ижарага алган. Бирок, кийинчерээк бул келишим чек арада көйгөйлөрдү жаратты деп эсептешет.

Бул келишимдин эмнеси жаман

Кыргыз тарап бул жерди эки тараптыкы тең эмес деп эсептесе, ал эми тажик тарап Кыргызстанга ижарага гана берилген жер, негизи биздики деп эсептешет.

Кийинчерээк Мадумаровдун каршылаштары талаш-тартыштарды дал ушул протокол жаратты деп чыгышкан. Анткени Кыргызстан бул жерди Тажикстандын ээлик кылуусун мыйзамдуу деп таанып, анан аймакты ижарага алууну убада кылган дешет.

Адахан Мадумаровдун аргументтери

Мадумаров ошол учурда бул протоколго кол коюу туура кадам болгонун айтат. Бул документтин аркасы менен азыр унаалар Сүлүктүдөн Бишкекке ээн-эркин өтүп жатат. Ал белгилегендей, бул протокол Кыргызстандын парламенти тарабынан колдоого алынбагандыктан, анын эч кандай күчү жок жана тажик тарап менен сүйлөшүүлөргө тоскоол болбошу керек.

Бул чек арадагы кырдаалга кандай таасирин тийгизди?

Жергиликтүү тургундардын айтымында, тажик тарап ал жерди өздөрүнүкү деп эсептеп, куруу аракетин көрүүдө. Бул көбүнчө чыр-чатакка алып келет. Маселен, 2019-жылдын сентябрь айында тажик тарап Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун боюндагы тилкеде бир тараптуу курулуш иштерин баштап, ошондон жаңжал чыккан.

Протоколго эми кызыгып калдыңарбы?

Протоколго кол коюлгандан бери 10 жылдан ашык убакыт өттү. Мадумаровдун каршылаштары Тажикстан менен чек ара жаңжалында анын жоопкерчилиги тууралуу маселени маал-маалы менен көтөрүп чыгышкан, бирок олуттуу иштерге жеткен эмес.

2019-жылы чек ара маселесин көзөмөлдөгөн вице-премьер-министр Жеңиш Разаков УКМК сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүп жатканын билдирген. Мадумаровдун айтымында, ошондогу тыкыр иликтөөдөн кийин бул маселе жабылган.

Мадумаровдун тарапташтары муну депутаттын азыркы бийликти активдүү сындап жатканы менен байланыштырууда.

Тажик тарап эмне дейт?

Азырынча расмий түрдө бул суроого жооп бере элек.

Бул боюнча бийлик эмне дейт?

Былтыр күзүндө Садыр Жапаров шайлоодон кийин күнөөлүүлөр жоопко тартыларын айткан. Анын айтымында, бул протокол Кыргызстандын Тажикстан менен чек ара тууралуу сүйлөшүүлөрдөгү позициясын алсыраткан.

Президент жакында берген интервьюсунда айыптоо менен сүйлөгөн.

"Бул протокол менен Лейлек району толук анклав болуп калып жатса, кантип Төрт-Көчө биздин пайдабызга чечилет? Манкурт болуп калган эле бир кыргызстандык айтып чыкпаса, эс-акылы ордунда болгон кыргыз жараны эч качан антпейт. Төрт-Көчө менен анын айлана-тегереги толук биздин жер болгон. Ал жерди берип коюу - бул кылымдар бою кечирилгис чыккынчылык. Чыккынчылык кылдыңбы? Жооп бер!" - деген президент.

Адахан Мадумаров президентке күнөөсүздүк презумпциясын эскертти.

"Мен билбептирмин, президент башкы прокурор, ошол эле учурда сот да болуп, баарына аныктама коюп калганын. Мен үчүн бул маданиятсыздык жана сабатсыздык.", - деп жооп кайтарды саясатчы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5208