15 жаштагы Жоломан досун чакырганы кетип кайра кайтып келген жок
3460
Жоломан Алимбаевди табууга жардам бергиле! Мындай өтүнүч менен Kaktus.kg редакциясына өспүрүм баланын туугандары кайрылган.
16-январь күнү болжол менен саат 10:00до Сүлүктүдөгү үйүнөн досун чакырганы чыгып кеткен, ошо бойдон кайтып келген жок.
slide 3 of 2
Туугандары милицияга кайрылышкан. Андан тышкары, алар Жоломанды көргөн, же кайсы жерде экенин билгендердин бардыгына кайрылып, ал тууралуу кабар берип коюуну өтүнөт.
Жоломан Алимбаев 2007-жылдын 12-мартында төрөлгөн. Бою 160-165 сантиметр, дене түзүлүшү арык.
Кандайдыр бир маалыматыңар болсо төмөнкү телефондорго байланышсаңар болот: 0770 21 42 85 (Жоломандын апасы), 03653 5 06 51, 0220 79 35 03.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/5215