Кар жаады, Токтогул суу сактагычындагы суу эмне болду?
RU

Кар жаады, Токтогул суу сактагычындагы суу эмне болду?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

20-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 9,493 млрд кубометрге жетти. Бул жылуулук менен камсыздоо сезонун нормалдуу өткөрүү үчүн жетишсиз, дейт "Электрически станции" ААК.

2021-жылдын ушул эле мезгилинде суунун деңгээли ушундай эле болчу.

Учурда суунун сарпталышы - секундасына 505 кубометр, ал эми кириши - секундасына 172 кубометр.

Суунун жалпы көлөмү 5,5 млрд кубометр болгондо - суунун деңгээли жараксыз (мертвый уровень воды) деп саналат.

Кыргызгидрометтин божомолдоолору боюнча жакынкы жумада кардын жаашы күтүлбөйт. Эске салсак, бул Токтогул суу сактыгычынын деңгээлин жогорулатып турган жана Токтогул ГЭСинин нормалдуу иштешине шарт түзгөн олуттуу фактор.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5238