Журналист: Тергөөчүлөргө бирөө телефон чалып эмне кылышты айтып жатты
RU

Журналист: Тергөөчүлөргө бирөө телефон чалып эмне кылышты айтып жатты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Temirov Live редакциясына тинтүү жүргөндөн кийин журналисттер алардын офисине киришкен. Кызматкерлердин бири келгендер өздөрүн УКМКнын Альфа бөлүмүнөн экендигин айтышкан.

Алар келип эле бардыгын полго жаткырышты. 25 мүнөткө чукул кыймылдаганга, башты көтөргөнгө уруксат беришкен жок. Болот Темировдун чөнтөгүнө ошол учурда жашыл түстөгү белгисиз затты салган болушу мүмкүн. .

Альфанын кызматкерлери адвокаттар келгенден кийин гана колдогу аркандарды бошотуп, турганга уруксат беришти.

Андан тышкары? тергөөчүлөргө улам бирөө телефон чалып, буйрук берип жатты, деп кеңсенин кызматкери айтып берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5273