Камчыбек Жолдошбаев дагы бир ирет өзгөчөлөндү. Күбөлүгүн көрсөтүп, муштум көзөдү (видео)
RU

Камчыбек Жолдошбаев дагы бир ирет өзгөчөлөндү. Күбөлүгүн көрсөтүп, муштум көзөдү (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Камчыбек Жолдошбаев адаттагыдай "маданияттуу" жүрүм-туруму менен өзгөчөлөндү. Ал ага суроо узаткан адамга күбөлүгүн көрсөтүп, муштумун көзөгөнү камерага түшүп калган. Видео социалдык тармактарга жайылып кетти.

- Эмнени, кана? Кана көрсөтүңчү?, - деп видеодогу киши сурап жатат.

- Ме, энең, - деп ага Камчыбек Жолдошбаев жооп кайтарды.

Алардын ортосунда пикир келишпестик жаралса керек. Балким жол талашышты, же машиненин айынан болушу мүмкүн. Депутат өзү машиненин арткы орунтугунда отурат, рулду башка адам башкарууда.

Эске салсак, мындан мурун Камчыбек Жолдошбевдин атынан Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылындагы көчөлөрдүн бирине анын аты ыйгарылганы белгилүү болгон. Кызыл-Туу айылы депутаттын кичи мекени.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/533