Эдил Байсалов: Алдыга кетип калганыбызды ачыбаган камырдай болгон коомчулук биле элек
RU

Эдил Байсалов: Алдыга кетип калганыбызды ачыбаган камырдай болгон коомчулук биле элек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эдил Байсалов "Марал" радиосунун "Күн чабыт" программасынын эфиринде министрлер кабинетине карата айтылган сындарга жооп кайтарды.

Ал жарандарга сын айткандын ордуна өкмөт башчысы Акылбек Жапаровдун иш билгилигине жана компетенциясына ишенип коюну сунуштады.

Акыл үйрөтүүнүн кереги жок. Биздин мамлекет башчынын программасы өтө амбициялуу. Силер биле да албайсыңар. Силер көнүп калгансыңар да кандайдыр бир жалкоо президенттерге, эптеп эле иш кылгандарына. Аякта негизги мотор, иштеп аткандыгы турбина...

Анан мен жарым-жартылай тамаша кылып айтам, бизге акыл үйрөтпөгүлө, өкмөт башчыбыздын аты Акылбек депчи. Акылбек Үсөнбековичтин тажрыйбасы, топтогон даярдыгы... Мен өзүмчө күлүп коем, анткени урматту биздин сынчылар, силердин түшүңөргө да кирген эмес. Биздин президентибиздин программалары ушунчалык амбициялуу...

Токтоп калган автобустай эле жүргүнчүлөр биле элек да. Мотору алмашканын. Биздин таарынып, чычалап отурганга убакыт дагы, кызыкчылык дагы жок. Биз эбак эле алдыга кеткенбиз. Ачыбаган камыр болуп калган коомчулугубуз аны биле элек. Бирок мунун бардыгы толугу менен давно уже кетип калдык", - дейт Эдил Байсалов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5420