"Акыркы сабактын" актерлору менен жолугушууга 15 000 ашык киши келди. Фото, видео
RU

"Акыркы сабактын" актерлору менен жолугушууга 15 000 ашык киши келди. Фото, видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

5-февралда, Бишкектеги соода борборлордун биринде "Акыркы сабак" сериалынын актерлору күйөрмандары менен жолугушту.

Соода борборунун кире беришиндеги электрондук эсептегич 13 000 киши келгенин эсептеген. Каалоочулардын саны өто көп болгондуктан соода борбордун кызматкерлери капталдагы эшикетрди ачууга аргасыз болушуптур. Ал жерден кеминде дагы 2000ден ашык киши келгени бегиленет.

Сериалдын продюссери Максат Болотбектин айтымында, фан-жолугушууга тогуз актер, сериалга саундтрек ("Родной", "Бул жашоо", "Күттүм") жазган Akiro деген ырчы келген.

"Акыркы сабак" сериалы КТРКдан жана Youtube'дан көрсөтүлүп, көрүүлөрдүн (просмотр) саны 20 миллиондон ашкан. Сериал балдарды рэкеттен алыс болуп, окууга басым кылууга үндөйт. Айрым маалыматтарга ылайык, "Акыркы сабакты" көргөндөн кийин региондордо программалоо жана англис тил курсуна жазылгандардын саны кыйла өсүп, кээ бир жерлерде орундар калбай калган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5480