Журналистти уруп кеткен чиновник окуя боюнча өз версиясын айтып берди (видео)
RU

Журналистти уруп кеткен чиновник окуя боюнча өз версиясын айтып берди (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин Баткен облусундагы элчилигинин аппарат жетекчиси Алихан Ураимов блогер, журналист Батмакан Жолдубаева менен болгон окуя боюнча комментарий берди. Ал окуялардын версиясын Фейсбукка жарыялаган.

Жыйынга расмий маалымат каражаттарынын өкүлдөрү гана чакырылганын ырастап, ошондуктан Жолдубаеванын иш-чарага катышуусунун зарылчылыгы жок деп эсептейт.

Аткаминердин айтымында, аял чыр-чатакты чыгарып, ага да кол салган.

"Жолугушууга расмий маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чакырылган деген түшүндүрмөмдү Батма аттуу аял абдан терс кабыл алып, провокация жасап, бетиме урган учурлары видеодо көрсөтүлгөн эмес. Ал менин ар-намысыма шек келтирген сөздөрдү айтканын коомчулуктан жашырды. Баарын тескерисинче көрсөтүп берүүгө аракет кылган", - деди ал.

Чиновник коомчулукту бул кырдаалга Жолдубаеванын версиясына гана ишенбөөгө чакырды.

Эске салсак, 5-февралда Батмакан Жолдубаева элчиликтин аппарат жетекчиси Алихан Ураимов телефонун тартып алып, уруп, чачынан сүйрөгөнүн билдирген. Окуя учурунда телефондун экраны сынган.

Окуядан кийин Жолдубаева Лейлек районундагы ооруканага жатып, чиновниктин үстүнөн милицияга арыз жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5485