Бишкектин мэри алмашат деп жатышат. Ордуна ким бара турганы да белгилүү болду
RU

Бишкектин мэри алмашат деп жатышат. Ордуна ким бара турганы да белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда Бишкектин мэри Айбек Жунушалиевдин ордуна башка мэр келет деген имиштер жүруп жатат. Талапкерлердин бири Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиктин бишкектик башкармалыгынын жетекчиси Талант Иманакун уулу.

Kaktus.kg өзү менен байланышып, ага мэр болуу сунушу түштү беле деп сурады.

Иманакун уулунун айтымында, бул кезектеги интрига, өзү да шок абалында жүрөт.

"Албетте, бул мен эмес. Биз эми гана толук кандуу иштей баштадык. Мага тааныштар Facebook'тан шилтеме жөнөтүшүптүр, ачсам ызы-чуу. Чоочуп кеттим. Мэр менен сүйлөшсөм "иштей бер" деди. Мени атайы эле мэр менен кайраштырып жатат окшойт, а балким, бул боюнча коомдун пикирин билгиси келишти. Биз мыйзамсыз курулуш жүргүзүүгө каршы күрөшүп жатабыз да, балким шамал ушул жактан согуп жатат", - деди ал.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңештин айрым депутаттары да мэр алмашышы мүмкүн деген имиштерди угушкан. Бирок бул кызматка Талант Иманакун уулунун келишине күмөн санап жаткандарын билдиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5493