Масалиев абактагы Атамбаев менен жолугуп кечирим сурадыбы?
RU

Масалиев абактагы Атамбаев менен жолугуп кечирим сурадыбы?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Атамбаевдин тарапташы Назгүл Мамытова Facebook баракчасына пост жазган. Анда Исхак Масалиев кезинде Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамын алып салуу демилгесин көтөрүп чыккандыгы үчүн кечирим сурады, деп билдирген.

"Искак Масалиев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу маселесин көтөрүп чыгып, эң башында турган. Мына эми ошол Масалиев кечээ жакында №47-колонияга кирип, Алмаз Шаршеновичтен ошол кылганы үчүн кечирим сурап чыгыптыр. Ошол үчүн саясатчылар ар бир ишти жасаарда заказ аткарбай ойлонуп иш кылуу керек экенин аңдап билип алсаңар...

Кеч болсо да Масалиев эрдик кылыптыр...", - деп жазган.

Масалиев өз кезегинде, Kaktus.kg'ге кечирим сураган эмесмин деп билдирди.

"Атамбаевге абакка барганым чын, бирок, бул демилге үчүн кечирим сураган жокмун. Биз өткөн-кеткен таарынычтарды унуталы деп сүйлөштүк. Абактан тезирээк чыгуусун кааладым. Ага карата коюлган айыптардын бардыгы чындыктан алыс деген ойдомун. Барганымда эч кандай күнөө көрбөй элемин. Кезинде Текебаевге деле баргам", - деди Исхак Масалиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5569