Эмне үчүн айрымдар 2 миң а башкалар 179 миң сом пенсия алат? Соцфонд айтып берди
RU

Эмне үчүн айрымдар 2 миң а башкалар 179 миң сом пенсия алат? Соцфонд айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнур Жуматаева азыр 179 миң сом пенсия алган жаран кезинде 19 млн сом камсыздандыруу төлөмүн төгүп, азыркы күнгө чейин иштеп жаткандыгын Kaktus.kg'ге айтып берди.

Анын айтымында ал кишинин иш тажрыйбасы 46 жыл, 70 жаштан ашканына карабастан азыркы күнгө чейин ишин токтоткон жок. "Ал Соцфонддун бюджетине 19 млн сом төккөн. Салыштырсак, орто эсеп менен жарандар 1,5-2 млн сомго чейин төгүшөт", - дейт Жуматаева.

Ал белгилегендей, кээде, мынчалык чоң пенсиялар өтө аз алгандардын арасында бөлүштүрүлсүн, анткени алар болгону 2 миң сом алат, деген сунуштар айтылат.

"Бирок пенсия - бул жөлөк пул эмес. Жаран канча иштеп, канча акча которсо, ошончо алат. Пенсия менен жөлөк пулду адаштырган болбойт. Канча сом соцфондко төксө, ошончону келечекте пенсия катары алат. Тилекке каршы, адамдар карылык жөнүндө ойлонушпайт. Эптеп ошол жашка жетсем, кийин балдар жардам берет, деп ойлошот. Бирок реалдуулук андай эмес, өзгөчө биздин республикада. Неберелер чоң ата, чоң апалардын колунда калып жатышат. Алар кенедей пенсиясына небере-чөбөрөлөрүн да багууга аргасыз. Бизге 5 миң сом пенсия менен региондо күн өткөрсө болот, деп жазышат. Бирок пенсионерлер өзүнөн тышкары неберслерин да багууда", - деп Гүлнур Жуматаева түшүндүрдү.

Анын айтымында, дүйнөлүк тажрыйбада да карылыгына акча чогулткан адамдардын саны болгону 10%ды түзөт. Элдер пенсия жөнүндө 5-10 жыл калганда гана ойлоно башташат.

"Менден көп эле киши сурап калат: жакында пенсияга чыгам, жакшы пенсия алыш үчүн эмне кылыш керек, деп. Бирок жакшы пенсия алыш үчүн башынан баштап соцфондго төлөмдөрдү төгүп, ак бухгалтерия менен иштеп, камсыздандыруу төлөмүн төлөп туруш керек да. Ага иш тажрыйба кошулуп жакшы пенсия чыгат", - деп соцфонддун төрагасынын орун басары билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5588