Саламаттыкты сактоо министрлиги 1,5 сом турган бахилаларды 150 сомдон сатып алган
RU

Саламаттыкты сактоо министрлиги 1,5 сом турган бахилаларды 150 сомдон сатып алган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Генералдык прокуратура жүргүзгөн текшерүүнүн натыйжасында, Саламаттыкты сактоо министрлиги жеке коргонуу каражаттарын сатып алууда бир катар мыйзам бузууларга жол берилгенин аныктады. Маалыматты Генералдык прокуратуранын басма сөз кызматы таратты.

2020-жылдын 6-майында, Саламаттыкты сактоо минитсрлигине караштуу оорулардын алдын алуу департаментинин комиссиясы жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзамды бузушкан. Алар арзан баада сунуштаган компаниянын сунушун четке кагып, жеке коргонуучу каражаттарды - комбинезондорду, медициналык перчаткилерди жана бахилаларды кымбат баада "Ф" ЖЧКсы менен тикелей келишим түзүп сатып алышкан.

Андан тышкары, коммерциялык келишимдин шарттарын бузуп, "Ф" ЖЧКсы техникалык спецификацияга ылайык келбеген 101 300 жуп перчатки алып келген.

Ошондой эле, келишимде көрсөтүлгөн 1,5 сомдон турган 150 миң жуп жапыз бахилалардын ордуна, "Ф" ЖЧКсы 150 сомдон турган 1500 бийик бахилаларды жеткирип келген.

Натыйжасында, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, оорулардын алдын алуу департаменти жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлүнүн жетекчилиги жана кызматтагы адамдары мыйзамга туура келбеген иш аракеттерди жасап, мамлекетке 5 млн 175 миң 200 сом өлчөмүндө зыян келтирилди, деп билдирүүдө жазылган.

Текшерүүнүн материалдары Генералдык прокуратуранын Кылмыш жана жазыктын бирдиктүу реестрине катталып, андан аркы сотко чейинки өндүрүш улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/559