Унаалар сууга агып, үйлөр талкаланган. Бразилиядагы селден 100дөй киши каза болду (видео)
RU

Унаалар сууга агып, үйлөр талкаланган. Бразилиядагы селден 100дөй киши каза болду (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Рио-де-Жанейронун түндүгүндөгү тоолуу аймактагы тарыхый Петрополис шаарында нөшөрлөгөн жамгырдан улам, сел жана жер көчкүдөн кеминде 94 киши каза болгонун жергиликтүү бийлик билдиргенин ББС орус кызматы кабарлады.

Ал жерде үч саатта бир айлык жаан жааганы кабарланууда. Тоо боорунда жайгашкан үйлөр көмүлүп, талкаланып, көчөлөрдү суу каптап, Петрополду каптаган суулар унааларды агызып кеткен. Куткаруу топтору тирүү калгандарды издөө үчүн шаарды тазалоодо.

Улуттук Жарандык Коргоо кызматы Твиттерде 24 адам тирүү табылганын, 94 адам көз жумганын тастыктаган. Дагы 35 адам дайынсыз жоголгондордун тизмесинде. Социалдык тармактарга жарыяланган видеолордо чоң зыян келтирилгенин көрүүгө болот.

Рио-де-Жанейро штатынын губернатору Клаудио Кастро журналисттерге: "Кырдаал дээрлик согушка окшоп калды",- деп билдирген.

Петрополис - Рио-де-Жанейродогу популярдуу туристтик жай. 19-кылымда ал Бразилия императорлорунун жайкы резиденциясы болгон - ал императордук шаар деп да аталат.

Эң көп жабыркаган аймактардын биринде 80ге жакын үй көчкү астында калган. 300дөн ашуун адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан.

"Суу абдан тез жана чоң күч менен келди. Мен баарын жоготтум. Пандемиядан улам жашообуз кыйын болчу, эми бул трагедия болуп калды", - деди кыйраган дүкөндүн ээси Reuters агенттигине.

"Мен жээнимди жана анын беш жашар кызын жоготуп алдым, аларды дагы деле таба элекпиз. Биз мындай каргашаны күткөн эмеспиз. Шаарыбыз кыйрап бүттү", - дейт агенттикке жергиликтүү тургун.

Бир күн мурда орус лидери Владимир Путин менен жолуккан Бразилиянын президенти Жаир Болсонаро Твиттерде өкмөттөн Петрополске жана жабыркагандарга жардам берүүнү суранганын айтты. Шаарды калыбына келтирүү үчүн федералдык каражат бөлүнөт, деди Болсонаро Москвадагы журналисттерге.

Петрополиянын мэриясы үч күндүк аза күтүүнү жарыялады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5623