Таласта өгөй атасы зордуктаган 13 жашар кыз кош бойлуу
RU

Таласта өгөй атасы зордуктаган 13 жашар кыз кош бойлуу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таласта 13 жаштагы кыздын кош бойлуу болушуна өгөй атасы тарабынан зордукталганы себеп болгон. Бул тууралуу маалыматты кыздын апасына шилтеме берүү менен Талас облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, 8-февралда милицияга 40 жаштагы аял кайрылган. Ал биринчи никесинен 13 жаштагы кызын азыркы күйөөсү зордуктаганын айткан. Натыйжада кыз кош бойлуу болуп калган. Азыр 26-жумада.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүгүндө катталган.

Кылмышка шектүү 45 жаштагы Көк-Сай айылынын тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Тергөө иштери уланууда.

Белгилей кетсек, буга чейин Таластын ооруканасына 13 жаштагы кош бойлуу кыз жаткырылганы белгилүү болгон. "Анын эпилепсиясы, деменциясынын оор түрү бар. Учурда кыз гинекология бөлүмүндө жатат, ал 3-даражадагы аз кандуулук менен ооруйт", - деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5645