Рамзан Кадыровдун 19 жаштагы кызы чоң кызматка дайындалды
RU

Рамзан Кадыровдун 19 жаштагы кызы чоң кызматка дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун Хутмат Кадырова деген кызы өлкө секретариатынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Чеченстандын улуттук саясат, тышкы байланыш, басма сөз жана маалымат министри Ахмед Дудаев билдирди, деп РИА Новости жазды.

"Хутмат Рамзановна Кадыровдор тукумун татыктуу улап келет. Ал түрдүү тармактарда жогорку жетишкендиктерин көрсөттү. Хафиз наамдын алып жүрүүчүсү, чыныгы мусулман жана чечен элинин сыймыктанчу кызы. Хутмат Рамзановна республиканын өнүгүүсүнө чоң салымын кошот деп ишенем", - деп Дудаев Instagram баракчасына жазган.

Хутмат Кадырова Рамзан Кадыровдун үчүнчү кызы, ал 19 жашта. Буга чейин "Грозненский дельфинарий" оюн-зоок комплексин жетектеген. Андан мурун өлкө башчысы кызын туулган күнү менен куттуктап, Хутмат Коранды жатка билет деп мактанып, Россиянын эң жаш фермери экенин белгилеген.

Чеченстандын президентинин улуу кыздары да жогорку кызматтарда иштешет. Айшат былтыр маданият министри болуп дайындалса, Хадижат Грозный шаарындагы мектепке чейинки билим берүү департаментин башкарат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5648