"Чё та башкача кетип баратат..." Сыймык Жапыкеев жаңы өкмөт боюнча комментарий берди
RU

"Чё та башкача кетип баратат..." Сыймык Жапыкеев жаңы өкмөт боюнча комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сыймык Жапыкеев өкмөттүн жаңы структурасына жана финполдун жоюлушуна комментарий берди. Адатта өзүнүн атактуу түз эфирлерин жасай турган Facebook аккаунтуна ушу туурасында пост жазган.

"Финполицию хотят удалить из структуры Правительства.

Достор, барсынарбы Финполицияны жойгон жатышат, силер кандай ойлойсунар?

Чё та башкача кетип баратат... Финполду Эл колдойт, Финпол элге иштейт.

Жумалиев 100 млн. сом жана Инвестордун 800 мин долларын бир кундо окмотко коём , балдарымды чыгарып Бер дегенинен биз аз андан кобурок болсун деп болбой койсок Первомайский сот чыгарып салды. Бюджетке бир тыйын тологон жок. Балдары камактан чыгып Кетти.

Достор, Финпол женилип калабызбы,?

Достор кандай кылалык, оюнарды жазгылачы?", - деп кечээ, 2-февралда жазган.

Бул пост менен 2,5 миң киши бөлүшүп, 2,6 комментарий жазылган. Көпчүлүгү Жапыкеевди кызуу колдоого алышты. Азырынча журналисттер Жапыкеевдин өзү менен байланыша алышкан жок. Бирок, кечээ ЭККМКнын ардагерлери ведомствонун жоюлушуна каршы чыгып, өз позициясын билдиришти.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров жаңы өкмөттүн курамына комментарий берип, "мен революция жасагам, ошол үчүн ушул кызматта өмүр бою отурушум керек, жоюлбасын" деген түшүнүктөн алыс болууга чакырды.

Эске салсак, парламенттик көпчүлүк премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун кандидатурасын колдоду. Марипов өкмөттүн жаңы структурасын жана курамын сунуштады, анда Эльвира Сурабалдиева, Тилек Токтогазиев жана Сыймык Жапыкеев жок. Белгилей кетсек, алар октябрь окуяларында орчундуу роль ойношкон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/564