Граф каймана аты менен белгилүү болгон бизнесмен дүйнө салды. Сөөгүн Токмокко алып келишет
RU

Граф каймана аты менен белгилүү болгон бизнесмен дүйнө салды. Сөөгүн Токмокко алып келишет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алиджан Ибрагимовдун Токмоктогу жакындары үйүнүн короосуна боз үй тигип, акыркы сапарга узатуу зыйнатына даярдык көрө башташты. Кыргызстанда аны Граф катары таанышчу. Сөөгү эртең, 4-февралда, болжол менен эртең мененки саат 7де алынып келинет.

Алдын ала берилген маалымат боюнча Ибрагимов 67 жаш курагында коронавирустан каза болду. Ал Бельгияда дарыланып жаткан, сөөгү кичи мекенине, Токмок шаарына алынып келинет.

Белгилей кетсек, Ибрагимов Өзбек ССРинин Фергана өрөөнүндө туулган. Бирок анын балалыгы Токмок шаарында өтүп, эмгек жолун да ошол жерден баштаган.

Алиджан Ибрагимов Казакстандагы эң бай бизнесмендердин бешилтигине кирет. Forbes журналынын версиясы боюнча, 2016-жылы анын байлыгы $1,8 млрд. деп бааланган. Андан тышкары ал Казакстандын эң таасирдүү бизнесмендердин катарына да кирчү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/566