Кооз дата 22.02.2022. Эмне үчүн жаңы үйлөнгөндөр ушул күнү баш кошууну чечишкен
RU

Кооз дата 22.02.2022. Эмне үчүн жаңы үйлөнгөндөр ушул күнү баш кошууну чечишкен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн үйлөнгөндөрдүн көпчүлүгүнө 22.02.2022 датасы жаккан. Kaktus.media сайты Үйлөнүү үлпөт сарайына барып, кантип жана эмне үчүн бул күндү тандап алышканын сурап көрдү.

Артур жана Назик

Артур менен Назик баш кошууну бир нече айдан бери пландап жүрүп, үйлөнүү тою дал ушул күнгө туура келген.

"Артур октябрь айында сунуш киргизген. Бирок, андан кийин коронавирустун жаңы түрү пайда болуп калды, айрым жеке жагдайлар да болуп жатып, февраль айына туш келип калды. Биз датаны атайын тандаган жокпуз. Бирок, жылдыздар дал келгендиктен, бүгүн баш кошууну чечтик. Бул дата бакыт алып келет деп ишенем",-дейт Назик.

Артур да бардык жакшы нерселерге ишенерин кошумчалады.

"Эгер нумерология же астрология баары жакшы болот десе, мен ишенем" деп күлөт күйөө бала.

Айдана жолдошу менен

Айдана жолдошу экөө бул күндү кокусунан тандап алышкан. Алар да бул дата бакыт алып келерине ишенишпейт.

"Биз кокусунан ушундай датага кол койгонбуз. ЗАГС бул күндү атайын тандап алдыңарбы деп сураганда гана ойлондук. Негизи биз чогуу жашайбыз. Бүгүн каттоого турналы деп келдик. Бул жөн эле дата, бул бакыт же башка нерсе алып келиши күмөн", - деди келин.

Максат менен Нуриза тойго жарым жыл даярданып, ушул датаны күтүп жүрүшкөн.

"Ушундай сонун күндө баш кошууну пландаганбыз. Бул бакыт менен коштолот деп ишенебиз", - дейт жаңы үйлөнгөндөр.

Дмитрий жана Марианна

"Биз атайын тандап алганбыз, анткени кооз дата. Биз бүгүн абдан бактылуубуз, демек биздин жашоо ушундай уланат деп ишенебиз. Бул дата бакыт алып келет", - деди Марианна.

Дмитрий алгач 8-мартта үйлөнүүнү каалашканын, бирок мындай датаны байкагандан кийин, үйлөнүү үлпөтүнүн күнүн өзгөртүүнү чечкенин кошумчалады.

Султан менен Перизат

"Биздики капысынан ушул күнгө туура келип калды. Бактыбызга таасир этет дегенге ишенбейбиз", - дешти Перизат менен Султан.

Kaktus.media бардык жаңы үйлөнгөн жубайларды куттуктап, датага жана аба ырайына карабастан аларга бакыт жана сүйүү каалайт!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5674