Улукбек Марипов: 5 600 сомго бир ай жашаса болот, бирок абдан оор болот
RU

Улукбек Марипов: 5 600 сомго бир ай жашаса болот, бирок абдан оор болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 3-февралда, Жогорку Кеңештин жыйыны учурунда Дастан Бекешев жашоо минимум тууралуу маселени көтөрүп чыкты.

Ал Улукбек Мариповго, 5 600 сомго бир ай жашай алат белеңиз, деген суроо узатты.

"Жашаса болот, бирок бул абдан оор. Мен сиздин сурооңуз эмне жөнүндө экенин түшүнүп турам. Кеп жашоо минимуму жөнүндө болуп жатат", - деп Марипов жооп кайтарды.

"Эмне үчүн анда биз дагы деле элди алдап келебиз? Бул минимумду өкмөттүн токтому бекитет, ушул каражатка бир ай жашоо мүмкүн болчудай көрүп", - деп депутат нааразы болду.

"Бул айласыздан. Биз бардыгын карап чыгабыз", - деп Марипов жооп кайтарды.

Калктын реалдуу маселелерин чечкендин ордуна бийлик өкмөттүн структурасын өзгөртүү жана референдум өткөрүү менен алек, деп Бекешев баса белгиледи.

"Биз саясат менен гана алектенип жатабыз. Азык-түлүк кымбаттады, ал эми айлыктар көтөрүлгөн жок. Биз ар дайым эле мугалим менен дарыгерлер жөнүндө сөз кылабыз, алардан башка дагы почточу, өрт өчүрүүчү, деген социалдык кызматкерлер да бар. Алардын айлыктары качан көтөрүлөт? Пенсиялар, жөлөк пулдар качан көтөрүлөт?", - деп депутат кайрылды.

Марипов бул суроолордун бардыгы өлкөнүн импорттон көз карандылыгы төмөндөп, экспорттук потенциалы көтөрүлуп, бизнес өсө баштаганда чечилет, деп жооп берди.

Эске салсак, декабрдын башында Дастан Бекешев депутаттардын, премьер-министрдин жана президенттин айлыгын жашоо минимумуна чейин төмөндөтүү тууралуу мыйзам долбоорун демилге кылып көтөрүп чыккан. Бирок Жогорку Кеңештин аппараты ал мыйзам долбоорду коомдук талкууга өткөрбөй койду. Айрым депутаттар бул мыйзам долбоорду жөн гана популизм деп айтышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/571