Алтынга инвестиция салыңыз. Садыр Жапаров элге кайрылуу жасады
RU

Алтынга инвестиция салыңыз. Садыр Жапаров элге кайрылуу жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Азыр биздин биринчи кезектеги милдетибиз – экономикалык потенциалыбызды мүмкүн болушунча сактап калуу. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Facebook баракчасына билдирди.

Өз билдирүүсүндө мамлекет башчы кризиске каршы план, айыл чарба, өндүрүш маселелерине токтолуп, жарандарга акчасын кантип сактоо боюнча кеңеш берди.

Министрлер кабинетинин кризиске каршы планы

Садыр Жапаров өлкөнүн улуттук валютасына басым болоорун алдын ала айткан.

"Акыркы күндөрдө эл аралык жагдай жана дүйнөлүк рыноктогу кырдаал кескин курчуп кетти. Баарыңыздарга маалым болгондой, күйүүчү майга карата баанын бир топ жогорулоосунан улам, өлкөбүз чоң кыйынчылыктарды башынан кечирүүдө.

Ун жана башка дан азыктарынын баалары өтө кымбаттады. Мунун баары республикабызда коронавирус пандемиясынан улам, экономикабыз калыбына келе элек маалда болуп жатат.

Жакынкы арада улуттук валютабыз катуу басымга кабылышы ыктымал. Эл аралык кырдаал чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештерибизге да терс таасирин тийгизиши мүмкүн",- деди президент.

Ал министрлер кабинети кризиске каршы иш-чаралардын планын иштеп чыкканына ишендирди. Министрлер Кабинети тарабынан каатчылыкка каршы иш-чаралар планы иштелип чыккан. Бардык министрликтерибиз тарабынан жарандарыбызга сырткы таасирлерди жумшартуу үчүн атайын чаралар көрүлөт.

"Биз жалпы журтубуз менен бул сыноодон татыктуу өтүү үчүн колдон келгендин баарын жасоого аракеттенебиз.

Албетте, бул кыйынчылыктардан пайдаланып, элибиздин ынтымагын бузуп, баш аламандыкты, араздашууну көздөгөн күчтөр чыгары белгилүү. Мен алдын ала эскертип койгум келет, алардын аракеттеринен эч майнап чыкпайт",- дейт ал.

Айыл чарба

Азыр эң башкы максат - элибизди, ар бир үй-бүлөнү азык-түлүк коопсуздугу менен камсыз кылуу. Ошондуктан бүгүнкү күндө бир да талааны бош калтырбай, эгин айдоо үчүн бардыгын жасап жатабыз. Өзүбүздүн айыл чарба продуктыларын өндүрүүнү жана аны кайра иштетүүнү кыйла көбөйтүүгө тийишпиз.

Ар бир тамчы суу кымбат, мындай кыйын мезгилде каналдарды, арыктарды тазалоого, болгон нымдуулукту үнөмдөөгө керек болгон каражаттардын баарын бөлдүк.

Быйыл айыл чарба тармагына 26 миллиард сом бөлүндү. Ушул жерден жалпы дыйкандар менен фермерлерге ачык айтып коеюн, бул сумма быйыл бардык фермерлер менен дыйкандарга жетпейт. Анткени өлкө боюнча 400 миңден ашуун дыйкан жана фермер бар"- деп түшүндүрдү Жапаров.

Ошондой эле ал үч жылдын ичинде мамлекет бардык дыйкандарды каражат менен камсыздай турганын убада кылды.

Быйыл жетишинче алсаңар, Кудай буюрса, эмдиги жана аркы жылдары дагы көбүрөөк акча бөлүп, үч жылда бардык дыйкандар менен фермерлерди камсыз кылабыз деген пландарыбыз бар.

Жапаров ошондой эле өз өндүрүшүн түзүү өтүнүчү менен ата мекендик ишкерлерге кайрылды.

"Албетте, сооданы активдүү өнүктүрүүнү улантабыз. Бирок өзүбүздүн продукцияларыбызды экспортко көбүрөөк чыгарышыбыз керек.", - деп жазган ал.

Президенттин баалуу кеңеши

Президент жарандарды өз капиталын алтынга салууга чакырды.

"Каражатты алтынга салуу мүмкүнчүлүгүнө көңүл буруу абдан маанилүү. Биз алтын куймаларын каалаган санда сатып алууну өзгөчө жеңилдеттик.

Ар бир валютанын куну качат. Биздин алтындын гана баасы өсөт. Ошол үчүн акчасы бар жарандарыбыз Улуттук банктан алтын сатып алыңыздар.

1 граммдан баштап, 13 килограммга чейинки алтын куймаларын каалаган көлөмдө сатып алсаңыздар болот. Эч кандай төлөмдөр жок башка өлкөлөргө алып чыгып кетүүгө да чек жок.

Капиталыңарды кагаз акча менен сактагандан көрө алтын менен сактаңыздар. Ошол эле Улуттук банк сактап берет же ар ким кайда сактаса өзү билет. Керек болсо кайсы убакта болбосун, кайра эле Улуттук банкка сатып жиберсеңиздер болот. Улуттук банк учурдагы базар баасы (кардар сатып жаткан маалда наркы кайсы баада болсо ошол баа) менен сатып алат",- деп кеңеш берди Жапаров.

"Мекен Чакырыгы" программасы

Жапаров жакында "Мекен чакырыгы" программасы ишке кирээрин, анда муниципалдык кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөрүн эске салды.

"Экономиканын бир нече тармактарын өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан жигердүү дем берүүдөн тышкары, жакынкы апталарда өлкө боюнча "Мекен чакырыгы" аттуу акы төлөнүүчү коомдук жумуштар программасы да ишке кирет. Бул жүз миңдеген жарандарыбыздын Кыргызстанды жакшыртууга салым кошуусуна жана өз үй-бүлөлөрүн камсыз кылуусуна шарт түзөт.

Калктын аялуу катмары:

жалгыз бой калгандар, жетимдер жана кары-картаңдар социалдык камсыздоо органдарынан болушунча колдоо алышат.

1-апрелден баштап мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштегендердин айлык акылары көтөрүлөт.

Эң башкысы - азыр дүрбөлөңгө түшпөй, сабырдуу болуу. "Өлбөгөн жанга жаз да келет" деп ата-бабаларыбыз айткандай, жергебизге жаз да келди!

Убактылуу ар кандай кыйынчылыктарды чогуу жеңебиз. Мамлекет эч кимди көңүл сыртында калтырбайт. Биз тынчтыкта жана ынтымакта жашайбыз!",- деп жыйынтыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5753