Москвада 6 киши зордуктаган кыргызстандык келин каза болду
RU

Москвада 6 киши зордуктаган кыргызстандык келин каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиялык маалымат каражаттарында 28-февралда, Москва шаарында топ эркектер зордуктаган кыргызстандык келин каза болду, деген маалымат чыккан.

Каргашалуу окуя Волгоградский проспектисиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин подъездинде болгон. 36 жаштагы келинди алты эркек киши зордуктады деп кошуналар тез жардам кызматына айтып беришкен. Алар келин алдын ала токмоктолгон деп божомолдошту.

Жабыркаган айымды дароо ооруканага алып келишкен. Ал эсин жоготуп, кома абалында болчу. Дарыгерлер этанол менен ууланган, деген диагноз коюшкан. Андан тышкары, мас абалында болуп, мурду сынган экен.

Полиция эки шектелүүчүнү кармады. Алдын ала маалыматтар боюнча, алар да Кыргызстандын жарандары. Москвада тааныштарынын үйүндө жашашчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5787