"Бизди Россиянын бир бөлүгү деп ойлогон". Дания Атай Өмүрзаков менен келишимин үзбөй калды
RU

"Бизди Россиянын бир бөлүгү деп ойлогон". Дания Атай Өмүрзаков менен келишимин үзбөй калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Даниялык цирк Атай менен келишимди үзбөйт. Бул маалыматты ал Kaktus.media сайтынын редакциясына тастыктады.

Өмүрзаковдун айтымында, кайра бийчилер менен мындан ары да иштешүү ниети бар экени тууралуу алардын агентине кат жөнөтүлгөн.

"Алар бизди Россиянын бир бөлүгү деп ойлогонун билдиришти. Болуп өткөн окуяга өкүнүп, түшүнбөстүк болгонун белгилеп, мындан ары биз менен кызматташууну улантуу ниетинде экенин кабарлашты", - деди Өмүрзаков.

Эске салсак, бир күн мурун бийчи Даниядагы цирк Украинадагы кырдаал боюнча кыргыз бийлигинин позициясынан улам бийчи топ менен келишимди бузганын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5810