Кожошев ЦУМду текшерип салык инспекторун иштен кетирмекчи болгон. Бирок бул оюнан кайтты
RU

Кожошев ЦУМду текшерип салык инспекторун иштен кетирмекчи болгон. Бирок бул оюнан кайтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 9-мартта Кыргызстандын министрлер кабинетинин биринчи орун басары Арзыбек Кожошев бир нече соода борборлоруна барып, кассалык аппараттардын (ККМ) бар жогун текшерди. Эч жерден ККМ таппаган чиновник, салык кызматынын мында кызыкчылыгы жок, деп айыптады.

Видеодо көрүнүп тургандай, Кожошев ЦУМдун подвалында жүрөт. Ал айрым соодгерлер менен сүйлөшүп, андан кийин ЦУМдун салык инспекциясынын кураторун чакыртты.

"Бир да кассалык аппарат жок экен. Ким куратор бул жакта? Иштегениңе канча болду? Эмне үчүн эч ким ККМ жөнүндө билбейт? Бир жумада жок дегенде бир жолу келдиң беле? Мен бардык этаждарды текшердим, биринде да ККМ жок. Администрация кайда? Бардыгына штраф салгыла", - деп Кожошев нааразы болду.

ЦУМдун кураторунун жумушка киргенине бир эле жума болгонун билип, ага чейин иштеп кеткен кураторду жумуштан кетирүүнү талап кылды. Анан кайра бул оюнан кайтып, ага сөгүш жарыялоо жетиштүү болот деп чечти.

Кожошевдин айтымында, салык кызматкерлери өздөрү ККМ орнотууга кызыктар эмес. "Алар ККМ эмне экенин да билишпейт", - деп аткаминер белгиледи.

"Бул мамлекеттик органдарынын кемчилиги, алар ишкерлер менен иштешкен эмес. Ижара кымбат болгондуктан эл аппарат сатып албайт, ижарага берүүчү да албайт. Ошонун айынан бюджетке акча түшпөй жатат. Ошонун айынан пенсияларды, айлыктарды көтөрө албайбыз. Мында салык инспекторлор күнөөлүү. Биз аларга карата чара көрөбүз. Бул жерде аренда 30 миңден $1000 чейин экен, а бирок ККМ жок. Администрацияны да айып пулга жыгуу керек", - дейт Арзыбек Кожошев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5893