Коомдук жайларда беткап тагынбоого уруксат берилди. Бирок бардык жерде эмес
RU

Коомдук жайларда беткап тагынбоого уруксат берилди. Бирок бардык жерде эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2022-жылдын 12-мартынан тарта коомдук жайларда милдеттүү түрдө беткап кийүү жокко чыгарылды. Бирок бардык жерде эмес: медициналык мекемелерге жана коомдук транспортко барганда маска режимин сактоо керек. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечим бүгүн, 11-мартта коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча штабдын жыйынында кабыл алынды.

Саламаттыкты сактоо министрлигине жана ага кызыкдар мамлекеттик органдарга 2022-жылдын 12-мартынан баштап колдонуудагы алгоритмдерге жана инструкцияларга керектүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырылды.

Ошондой эле, жарандарга ыктыярдуу түрдө COVID-19 жана жугуштуу оорулардын башка түрлөрүн алдын алуу максатында эл көп чогулган жерлерде, ири соода борборлорунда, базарларда, массалык иш-чараларда маска режимин сактоо сунушталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5935