Шекердин баасы 90 сомго жетти. Башка да азык-түлүктөр кымбаттаган
RU

Шекердин баасы 90 сомго жетти. Башка да азык-түлүктөр кымбаттаган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин базарларында кумшекердин баасы бир күндө 1 килограммы 90 сомго чыкты.

Кечээ эле шекердин баасы 80 сомдон сатылып жаткан. Россияда өлкөдөн товарды алып чыгууга тыюу салынгандан кийин Бишкекте баа дароо 10 сомго көтөрүлдү.

Сатуучулардын айтымында, камсыздоочулар аларды бүгүн эртең менен ушундай баада алып келишкен. Ал эми бул россиялык продукция эмес, Кайыңды заводунан чыккан кант.

Сатып алуучуларды кымбат баа менен чоочутпоо үчүн баа белгилерин алып салышкан. Жергиликтүү канттын мынчалык кымбаттап кеткенине эл нааразы.

Базарларда россиядан келген кант дээрлик калбай калган. Супермаркеттердин текчелеринде гана бар. Анда да ар бир кишиге үч килограммдан ашык сатылбайт.

Кыргызстанда эки эле кант заводу бар, алар өлкөнү 60% гана кант менен камсыздай алат.

Россия өлкөсү да 15-марттан 31-августка чейин тыюу салынышы мүмкүн болгон данды ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоо маселесин чечүүдө. Бул, демек, биздин рынокко да таасирин тийгизет. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстанды буудай менен негизинен Россия камсыздайт.

Акыркы күндөрү нан жана ун азыктарынын баары кеминде 2-3 сомго кымбаттады. Сатуучулардын айтымында, дагы деле көтөрүло берет.

Макарон азыктарынын баасы да өндүрүлгөн өлкөсүнө карабастан өсүүдө.

Ал эми өсүмдүк майы дээрлик 20 сомго кымбаттады.

Соңку эки жуманын ичинде дээрлик 30 сомго кымбаттаган сары май да андан артта калбайт.

Эттин баасы азырынча мурдагыдай эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5940