Тамак сатып үй-бүлөсүн баккан 12 жашар Данияр. Анжелика аларга жардам берди (видео)
RU

Тамак сатып үй-бүлөсүн баккан 12 жашар Данияр. Анжелика аларга жардам берди (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тамак сатып үй-бүлөсүн баккан Данияр 12 жашта. Ал жети бир туугандын экинчиси. Жакында апасы дагы көз жарарын билдирди. Тамактарды апасы үй шартында жасап берет. Ал эми атасы ден соолугуна байланыштуу ооруканада.

Бул чоң үй-бүлөө учурда бир гана тамак сатып күн көрүшөт. Анысы да чоң бизнес эмес. Тапса күнүнө ашып барса миң сом, ал эми дем алыш күндөрү жакшы дегенде 3, 4 миң сом табат. Даниярдын апасы Гулмира күнүнө алты каскан гана оромо, же башка ар түрдүү тамактан аз эле санда жасап берет. Көбүрөөк жасаганга каскандары жана башка шаймандары жетишсиз. Тапкан каражатын күнүмдүк тамак-ашына жана атасынын дары-дармегине жумшашат.

Гулмиранын айтымында жолдошу алергиялык асма оорусу менен ооруп, үй-бүлөсүнө жакындай албай калган. Ал уулу Даниярдын мынтип иштешин каалабарын, башка айла жоктугунан гана макулдугун бергенин кошумчалады.

Данияр өзү бул жумушту биринчи апасына айтып, мага тамак жасап бергиле деп көгөрүп туруп алганын билдирет.

"Мен теңдүү эле балдар орома сатып иштеп жүргөнүн көрүп калдым. Анан мен да үй-бүлөмө жардам бергим келип, апама мага да тамак жасап бериңиз, сатып келейин деп туруп алдым. Бул идеяны айтканда алгач каршы болуп жүрүп, араң ынанды. Атам да менин иштешиме каршы. Бирок мен кыйналбайм деле. Сабактарыма да жетишип окуп жатам. Көбүнчө 5 деген баага окуйм. Айрым сабактарым гана 4 болуп калат",- дейт жаш ишкер.

Сегизинчи баласын күтүп жаткан Гулмира балдарына жөлөк пул да, баатыр эне наамын да ала албай жүргөнүн билдирди.

"Төрт жылдан бери документ чогулта берип чарчадым. Барсак эле бир шылтоо айтып бере албайбыз дешет. Башка артынан чуркагым да келбей калды",- дейт.

Кандай кыялыңыз бар деген суроого Данияр келечекте жол куруучу болгусу келгенин, ал эми апасы ырчы Анжелика менен жолугуу кыялы бар экенин айткан.

Ушул үй-бүлөө тууралуу видеону көрүп Анжелика аларга жардам берүүнү чечкен. Ал Даниярдын үй-бүлөсүнө жолугуп, керектүү шаймандарын алып берип, акчалай түрдө да жардам бергенин өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5974