Кримтөбөл Алмаз Бокушев менен айыл өкмөт башчысы Түркияда кантип эс алууда. Видео
RU

Кримтөбөл Алмаз Бокушев менен айыл өкмөт башчысы Түркияда кантип эс алууда. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media редакциясы Чүй облусунун Степнинский айыл аймагынын башчысы Аскат Насыркулов менен кримавторитет Алмаз Бокушев чогуу жүргөн видеону алышты.

Видеону берген булактын айтымында, алар чогуу Түркияда эс алууда болгон.

"Мамлекеттик кызматкер менен кримавторитеттин үй-бүлөсү дос болуп, эс алууларын Түркияда өткөрүүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ЖМКлар акыркы жолу 2019-жылы Бокушев Кыргызстандан мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаев менен келише албай калганынан улам чыгып кеткенин жазып чыгышкан. Бирок, Ички иштер министрлиги алардын ортосундагы тирешүүнү четке кагып, Бокушевдин чет өлкөгө учуп кеткенин тастыктады

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5975