Жолугушууга Бабанов да келген. Бизнес өкүлдөрү капиталга мунапыс мыйзам долбоорун колдоду
RU

Жолугушууга Бабанов да келген. Бизнес өкүлдөрү капиталга мунапыс мыйзам долбоорун колдоду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 14-мартта Садыр Жапаров ата мекендик ишкерлер менен "Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу түрдө легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" КР мыйзамынын долбоорун жана өлкөнүн экономикасын көмүскөдөн чыгаруунун жолдорун талкуулады. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, талкууланып жаткан мыйзам долбоору мамлекеттик органдардын жана ишкерлердин катышуусунда иштелип чыккан. Садыр Жапаров бул мыйзам биринчи кезекте көмүскө экономиканы кыскартууга жана активдердин сакталышын камсыздоого жана алардын ээлерин мамлекеттик органдардын куугунтугунан коргоого багытталганын баса белгиледи.

"Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу түрдө легалдаштыруу жана мунапыс берүү боюнча мыйзам актылары өлкөбүздүн тарыхында беш жолу кабыл алынган. Бирок ар кандай жагдайлардан улам бул каалаган натыйжаларды берген эмес. Белгилей кетчү нерсе, мыйзам долбоору мамлекет тарабынан кол тийбестиктин бардык кепилдиктерин берет", - деди ал.

Иш-чарада ошондой эле Акылбек Жапаров, Талант Мамытов, Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев сөз сүйлөштү.

Ишкерлердин ичинен мыйзам долбоорун ишке ашыруу боюнча сунуштарын Өмүрбек Бабанов, Аскар Салымбеков, "Шоро" компаниясынын негиздөөчүсү Жумадил Эгембердиев, "Үмүт жана К" ЖЧКсынын башкы директору Кайрат Абдуллаев, "Бишкеккурулуш" ААКнын башкы директору Аскар Молдобаевдер, "Кыргызцентрпродукт" ЖЧКсынын директору Манас Белошаров , "КАС технологиялар" ЖЧКсынын башкы директору Акылбек Мамыров жана башкалар айтышты.

Алар мыйзам долбоорунун өз убагында кабыл алынышын белгилешип, ниет протоколуна ("мырзалык келишим") кол коюшту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5976