"Бул жерде алдап жатышат". Биринчи кандалдын редактору күтүүсүз жерден түз эфирге кирди
RU

"Бул жерде алдап жатышат". Биринчи кандалдын редактору күтүүсүз жерден түз эфирге кирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

14-мартта, "Биринчи каналдын" редактору Марина Овсянникова "Время" программасынын эфирине "согушту токтоткула" деген чакырык жазылган плакатты кармап түз эфирге кирген.

Овсянникова плакатын кармап, болжол менен Москва убактысы боюнча саат 21:35те кирген. Алып баруучу Екатерина Андреева батыштын санкциялары жөнүндөгү сюжетке кириш сөзүн окуп жаткан болчу.

Плакатта "No war. Согушту токтоткула. Пропагандага ишенбегиле. Бул жерде алдап жатышат. Russians against war", - деп жазылган болчу.

Андан тышкары ал бир нече жолу "Согушту токтоткула! Согушка - жок!", - деп бир нече долу айткан. Андан кийин эфирге санкциялар тууралуу сюжетти кетиришкен.

Овсянникованы полиция кармап, алып кеткен. Алдын ала маалыматка ылайык, ага карата "россиялык аскерди дискредитациялоо" беренеси боюнча административдик протокол түзүлгөн. Овсянниковага адвокаттар барышкан, бирок полиция бөлүмүндө бул жерде жок деп айтышкан. Ал "Останкино" телеборборунун дежур бөлүмүндө экен, бирок адвокаттарга ага кирүүгө тыюу салынды.

Акциянын алдында, Овсянникова видео кайрылуу жасап, анда Украинадагы согушка каршы экенин билдирген.

"Украинада болуп жаткан нерселер - кылмыш. Россия - агрессор-өлкө. Бул агрессия үчүн бир эле адам жоопкерчиликтүү. Бул адам - Владимир Путин", - деди ал.

Овсянникованын атасы украиналык, апасы орус. "Алар эч качан душман болушкан эмес. Россия бир тууганын өлтүргөн согушту ушул замат токтотууга милдеттүү", деп айтып, россиялыктарга согушка каршы митингтерге чыгууга үгүттөгөн.

Бул окуя болгондон кийин Овсянникованы колдогон миңдеген комментарийлер жазылган. Интернет колдонуучулар аны эр жүрөк каарман деп аташкан.

"Биринчи каналдын" алып баруучусу Еватерина Андреева болгон окуя боюнча сторис тартып, төмөнкүдөй комментарий берген: "Мен силерге айткам "Аскадай бекем бол. Эмнеси болсо да аскадай бол. Кайратым кайдан? Бүгүн мага аябай зарыл болду. Йогадан, тайцзицюандан, жүрөгүмөн. Аскадай бекем бол", - деп Россияда тыюу салынган Instagram'дагы сториске жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5980