"Уят көрсөтүүлөргө ким жол берип жатат?" Депутат КТРКда эротика көрсөтүлгөнүнө каршы
RU

"Уят көрсөтүүлөргө ким жол берип жатат?" Депутат КТРКда эротика көрсөтүлгөнүнө каршы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Өмүрбек Бакиров Коомдук телерадиокорпорацияга караштуу МузТВ каналында эротикалык клиптерди көрсөтүүнү токтотууну суранды.

Жогорку Кеңештин 16-марттагы жыйынында ал КТРКда уяттуу клиптерди көрсөткөн музыкалык канал бар экенин билдирди.

"Бул клиптерди жаштар көрүп жатышат. Алар кантип чоңоёт? Бир айдан бери өзүм көрүп жүрөм. Алар тууралуу сөз кылуу да уят. Бул клиптерди көрсөтүүгө ким уруксат берет?" - деп сурады депутат.

КТРКнын башкы директору Кайрат Иманалиев телеканал клиптерди кайра карап чыга турганын билдирди.

"Силер төрт айдан бери иштеп жатасыңар, муну токтоткула , анын ордуна улуттук кийимдерди кийгендерди көрсөтүп, эне тилди даңазалап, чет элдик эротиканы көрсөтпөй, өзүбүздүн тилде клиптерди көрсөтүш керек", - деди депутат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6002