"Манас" эл аралык аэропортунда коррупция аныкталды. Албек Ибраимовдун да тиешеси бар
RU

"Манас" эл аралык аэропортунда коррупция аныкталды. Албек Ибраимовдун да тиешеси бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекетке 893 млн. сомдук зыян келтиргендиги үчүн Албек Ибраимов жана башкаларды жоопко тартуу жана зыянды өндүрүү маселеси каралууда. Мындай маалыматты Генералдык прокуратура таркатты.

Билдирүүгө ылайык, Кыргыз транспорттук прокуратурасы "Манас Эл аралык аэропорту" ААКтын жооптуу адамдарынын эл аралык каттамдарга жана жүк ташуу үчүн чет элдик "Гата эйрлайнс" компаниясына жеңилдиктерди бергендиги боюнча мыйзамсыз туруктуу коррупциялык схемасын аныктап чыккан.

Аталган чет элдик компанияга мыйзамсыз жеңилдиктерди берүүнүн натыйжасында, "Манас" аэропорту тарабынан 2016-жылдын 1-июнунан 2020-жылдын 1-ноябрына чейинки аралыкта жогоруда көрсөтүлгөн коррупциялык схеманын кесепетинен 12 млн. АКШ доллары же 893 млн. сомдук ири өлчөмүндө мамлекетке зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча азыркы учурда шектүү катары аэропорттун дирекциясынын мурдагы башчысы Н.Белеков кармалган.

Азыркы учурда бул соттук өндүрүш боюнча "Манас Эл аралык аэропортунун" директорлор кеңешмесинин мурдагы төрагасы Албек Ибраимовду, ошол эле мекеменин мурдагы президенти Эмир Чукуевди, ошондой эле акционердик коомдун башка жоопту кызматкерлерин, Мүлк фондунун жана Монополияга каршы агенттиктин жоопту кызматтагы адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана мамлекетке келтирилген зыянды өндүрүү маселеси каралууда, деп Генералдык прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/600