БААУнун жаңы муун академиясынын стипендиялык программасы ачылды! Тапшыруу шарттары
RU

БААУнун жаңы муун академиясынын стипендиялык программасы ачылды! Тапшыруу шарттары

Все самое интересное в Telegram

Борбор Азиядагы Америка Университетинин Жаңы муун академиясы Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан келген орто мектептеринин 25 бүтүрүүчүсүн толук стипендия менен камсыздайт.

ЖМАнын стипендиялык программасы студенттин төмөнкү чыгымдарын камтыйт:

  • ЖМАда бир жылдык окуунун толук баасын
  • Жатаканадагы жашоосун
  • Ай сайын төлөнүүчү стипендиясын.

Стипендиялык программага кимдер документтерди тапшыра алат?

Талапкерлер төмөнкү критерийлерге жооп бериши керек:

  • Тапшыруу учурунда Кыргызстанда жашоосу жана КРнын жараны болуусу.
  • Англис тилин орто деңгээлде билиши шарт.
  • 2021/2022 окуу жылынын орто мектептин/ колледждин бүтүрүүчүсү болушу керек.

ЖМАнын стипендиясына кантип тапшырса болот?

I кадам: Стипендия алыш үчүн талап кылынган документтерди жана арыз формасын 2022 жылдын 13-майына чейин тапшыруу абзел.

II кадам: Англис тилинин деңгээлин аныктоочу тест тапшырып жана аңгемелешүүдөн өтүү керек.

Анкетаны жана документтердин тизмесин окуу жайдын веб-сайттынан тапсаңыздар болот.

МААНИЛҮҮ: Экинчи турга өткөн абитуриенттер гана тестирлөөгө жана аңгемелешүүгө чакырылат.

ЖМАга окууга тапшыруу жөнүндө кенен маалымат:

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6088