"Күн сайын көлчүктөргө түшөбүз". Жол боюнча бул арызга мэрия жооп берди (видео)
RU

"Күн сайын көлчүктөргө түшөбүз". Жол боюнча бул арызга мэрия жооп берди (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

24-мартта окурман Call-борборго маалымат жөнөткөн.

"Дордой базарынын жанындагы Елебесов көчөсүн бойлой чоң көлчүктөр көп, тротуар жок. Биздин балдар ушул жолдор менен мектепке барышат. Мектеп окуучулары менен балдарга ар бир өтүп бараткан машине көлчүктөгү сууну чачып өтүшөт. Чиновниктер бул видеону көрүп реакция жасайт деген үмүттөбүз", - деп жазган окурман.

Бүгүн, 25-мартта Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Свердлов райондук администрациясынын маалыматына ылайык Келечек-3 жана Елебесова көчөлөрүндөгү жолду капиталдык оңдоодон өткөрүү Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынын 2022-жылга титулдук тизмесинин долбооруна киргизилген.

"Жолду капиталдык оңдоо титулдук тизмеге бекитилип, каржылык каражат бөлүнгөндөн кийин жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6109