Чач-тарачта Айгерим Расул кызынын чачын кургатып жаткан учурда фен жарылды (видео)
RU

Чач-тарачта Айгерим Расул кызынын чачын кургатып жаткан учурда фен жарылды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айгерим Расул кызы чач-тарачка келип, мастер анын чачын фен менен кургатып жаткан. Бир кезде анын колундагы фен жарылып кеткен. Болгон окуя видеого тартылып калып, ырчы аны менен Instagram баракчасына бөлүшкөн.

Айгерим Расул кызы: "Кудай сактады", - деп видеонун астына жазган.

Мастер жигит, жарылган фенди таштап, Айгеримди жалгыз калтырып коюп качып жөнөгөн. Бул ырчы айымдын күлкүсүн келтирди.

"Тирик, мени неге таштап кеттиң?

(Фендин жарылганын мен күзгүдөн көрдүм, бомба жарылгандай эле болду. Сак болуңуздар!", - жазып мастери Жанболотту белгилеп койгон.

Ал да өз кезегинде, бул видеону өзүнүн баракчасына чыгарып, Айгерим эже коркпойт экен, деп жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/614