BMW айдаган шопур эки окуучуну сүзүп качып кеткен. Бирөөсүнүн абалы оор
RU

BMW айдаган шопур эки окуучуну сүзүп качып кеткен. Бирөөсүнүн абалы оор

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

BMW айдаган шопур 12 жана 13 жаштагы эки окуучуну сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Аны кармашты, деп кайгуул кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 27-мартта, болжол менен саат 21:30да, Аламүдүн районунун РИИБсине Нижняя Ала-Арча айылында эки баланы машине коюп кетти деген билдирүү келген.

Белгилүү болгондой, 27-мартта кечки саат 21:30да BMW үлгүсүндөгү кара түстөгү унааны айдап жургөн белгисиз айдоочу Нижняя Ала-Арча айылындагы Киргизия көчөсүнөн түндүк тараптан түштүк тарапка баратып.ю 2009-жылы туулган Ж.А.ны жана 2010-жылы туулган Б.Б.ни сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Балдардын биринин абалы канааттандырарлык, экинчиси ооруканага оор абалда жеткирилди.

Шектелүүчү кармалып, ал 2001-жылы туулган Бишкектин тургуну П.И. экени аныкталды. Унаа атайын токтотуучу жайга жеткирилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6154