Мен чектен өтүп кеттим. Уилл Смит "Оскар" аземиндеги жүрүм-туруму үчүн кечирим сурады
RU

Мен чектен өтүп кеттим. Уилл Смит "Оскар" аземиндеги жүрүм-туруму үчүн кечирим сурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Америкалык актёр Уилл Смит "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземинде алып баруучу Крис Рокту муштум менен сабап кеткени үчүн кечирим сурады. Ал кайрылуусун Instagram баракчасына жазды.

"Зордук-зомбулуктун кандай түрү болбосун булундуруучу. Менин салтанатта жасаган жүрүм-турумум кабыл алынгыс жана кечирилгис нерсе", - деп жазган актёр.

Ал өзү тууралуу тамашаларды угуу ар бир актёрдун ишинин бир бөлүгү экенин, бирок жубайынын ден соолугуна байланыштуу эмоциясын жашыра албай, өзүн кармай албай калганын түшүндүрдү.

"Мен сизден эл алдында кечирим сурагым келет, Крис. Чектен ашып, жаңылып калдым. Билбей ката кетирдим. Сүйүү жана боорукердик өкүм сүргөн дүйнөдө зордук-зомбулукка орун жок",- деп жазган Смит.

Ал ошондой эле Америка киноакадемиясынан, шоу уюштуруучуларынан, бардык катышуучулардан, анын ичинде дүйнө жүзү боюнча көрүүчүлөрдөн кечирим сурады.

Эске салсак, кечээ өткөн 94-Оскар сыйлыгын тапшыруу аземинде эңсеген статуэткасын алган Уилл Смит жубайын тамашалаган кеченин алып баруучусу Крис Рокту жаакка чапкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6175