"Эң татыктуу". Баары колдоп, Бакыт Төрөбаев Акылбек Жапаровдун орун басары болду
RU

"Эң татыктуу". Баары колдоп, Бакыт Төрөбаев Акылбек Жапаровдун орун басары болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 30-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары Бакыт Төрөбаевди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына бекитти.

Дастан Бекешев талапкер буга чейин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат болуп келгендигин, анын ичинде айыл чарба техникаларынын паркын түзүү боюнча абдан жакшы программасы бар экенин эске салды. Бул багыттагы иштерди кайра баштоону, ошондой эле атайын техникаларды оңдоочу станцияларды уюштурууну өтүндү.

Бир катар эл өкүлдөрү да каалоо-тилектерин айтышты. Өз кезегинде Руслан Жакышов Төрөбаев "татыктуулардын эң татыктуусу" экенин, ал баарын жеринен билет, ошондуктан анын талапкерлигин суроосуз, дароо эле колдоону сунуштады.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Төрөбаевге 68 депутат "макул", 0 депутат "каршы" деп добуш берди.

Эске салсак, буга чейин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы жаңы лидери кылып Нурланбек Шакиевди шайлашкан. Буга чейин бул кызматты Бакыт Төрөбаев аркалап келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6192