"Баштаган ишибизди аягына чыгаралы". Садыр Жапаров жаңы темир жолдун курулушунун баштады
RU

"Баштаган ишибизди аягына чыгаралы". Садыр Жапаров жаңы темир жолдун курулушунун баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 31-мартта Садыр Жапаров Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушун баштоо аземинде сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматы билдирди.

Президент жаңы темир жолдун курулушун өлкөнүн келечеги үчүн чоң мааниге ээ боло турган жаңы темир жол түйүнүнүн негизи деп атады.

"Советтер Союзу ыдырап, Кыргызстан эгемендүү мамлекет болуп жарыяланып, "Кыргыз темир жолу" ишканасы түзүлгөндөн кийин жаңы темир жолдун бир да километри түптөлгөн эмес. Ошондуктан бардыгыңыздарды темир жол тармагын өнүктүрүүнүн жаңы этабына кадам таштооңуздар менен куттуктайм.

"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы учурда Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жол линиясын куруу долбоорун ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатат. Бул долбоордун биринчи этабы 63 чакырымдык Балыкчы-Кочкор участогун төшөө",- деди ал.

Садыр Жапаров бардык иштер бүткөрүлгөндөн кийин Кара-Кече кенинде казылган көмүрдү өлкөнүн түндүгүнө темир жол аркылуу ташууга шарт түзүлүп, экономикалык жактан пайдалуу болоорун билдирди.

"Кудай буюрса, баштаган ишибизди аягына чыгарабыз, анткени бул элдин талабы жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн маанилүү өбөлгөлөрүнүн бири", - деп президент баса белгилеп, акырындык менен түндүк менен түштүктү бириктирүү зарыл экенин билдирди. Республиканын бир катар аймактарында, андан ары Макмал аркылуу Жалал-Абадга темир жолду курууну улантууда. Андан ары Макмал аркылуу Жалал-Абадга темир жолду куруу уланарын кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6215