Кыздын макулдугу менен ала качса да кылмыш иши козголот. Жаңы берене тууралуу билесизби?
RU

Кыздын макулдугу менен ала качса да кылмыш иши козголот. Жаңы берене тууралуу билесизби?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда 2021-жылы Кыргызстанда кыздарды уурдоо жана никеге мажбурлоо боюнча 560 факты катталды. Соттун кароосуна 82 иш гана жиберилип, 460 иш каралбай калган. Буга байланыштуу БУУӨП атайын материял даярдады.

Ала качуу боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги өзгөрүүлөрү тууралуу билип алыңыз:

Кыргызстанда "кыз ала качуу" - оор кылмыш

2021- жылдын 1-декабрында ишке кирген Кылмыш-жаза кодексине ылайык, "Адамды никеге туруу максатында уурдоо" боюнча 172- берененин алкагында кылмыш иши козголот.

Анда ала качуу эмес, "адам урдоо" жана "адамды никеге тургузуу үчүн урдоо" деп эки берене менен белгиленген.

Адамды никеге туруу максатында уурдоо, кандай жаза каралат?

Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесине ылайык, кыз уурдаган адам 5-7 жылга эркинен ажыратылат.

Жашы жете элек кызды нике кыю максатында урдаган адамды 10 жылга чейин камоо жазасы киргизилген.

Кылмышка катыштыгы бар жарандар ушул эле берененин негизинде 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Адамды никеге туруу максатында уурдоо - тосмо арыз жок!

Кылмыш-жаза кодексиндеги өзгөрүүгө ылайык, 172- "Адамды нике кыюу максатында урдоо" беренесинде "эркине каршы" деген термин алынган.

"Адам урдоо" жабырлануучунун макулдугу менен ишке ашкан учурда да кылмыш иши сөзсүз козголот.

"Адамды никеге туруу максатында урдоо" - оор кылмыш болгондуктан, тосмо арыз кабыл алынбайт.

Жазык кодексиндеги өзгөрүү – жаза жеңилдейби?

Өзгөртүлгөн Кылмыш-жаза кодекске ылайык, мындан ары, пробациялык көзөмөл сот тарабынан анча оор эмес жана оор кылмыштар боюнча да белгилениши мүмкүн..

Демек, "Адамды никеге туруу максатында уурдоо" боюнча 172- берене да бул органдын көзөмөлүндө.

Маселен, эгер адам беш жылга эркинен ажыратылса, шарттуу түрдө жазасын алууга же камактагы мөөнөтүн кыйла кыскартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Милицияга кабарла, кайдигер болбо!

172-берене боюнча, жабыркаган адам эле эмес, адам урдоо фактысына күбө болгон бардык жарандар милицияга кабарлап же арыз жаза алат.

102 номуруна чалыңыз, кылмышка күбө болсоңуз үн катыңыз!

"Ала качуу" – милициянын милдети

Кылмыш-жаза кодексиндеги өзгөрүүлөргө ылайык, адамды нике кыюу максатында урдоо фактасы боюнча кылмыш ишин иликтөө тергөө органына жүктөлгөн.

Ушул эле кодексте кылмыш ишин ачууга баш тартып же аны жашырган милиция кызматкерлердин жоопкерчилиги да белгиленген.

"Ала качуу" – милициянын жоопкерчилиги

Кылмыш-жаза кодексиндеги 377- берене:

1. Жасалган же болбосо даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө арызды же кайрылууну кызмат адамы тарабынан каттоодон баш тартуу же жашырып коюу,

Же оор залалга, өзгөчө оор залалга алып келген жосун, - эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө менен эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

"Ала качуу" сотко жетпеген иштер

Укук коргоо органдарынын расмий маалыматына караганда,

Кылмыш-жаза кодексинин "Адамды никеге туруу максатында уурдоо" беренеси менен 2020-жылы 210 иш катталган.

Алардын 5% гана сотко жеткен.

Ала качуунун элге белгилүү курмандыктары

Айзада Канатбекова

Бурулай Турдаалы кызы

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6310