Шал оорусу менен ооруган 16 жаштагы кыз зордукталгандан кийин боюна бүтүп калган
RU

Шал оорусу менен ооруган 16 жаштагы кыз зордукталгандан кийин боюна бүтүп калган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

16 жаштагы кызды белгисиз бирөө зордуктагандан кийин боюна бүтүп калган. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын айтымында, 1-апрель күнү Ысык-Көл облусунун Түп районунун ички иштер органдарына жергиликтүү тургун кайрылып, анын 16 жаштагы кызын зордуктаган кишиге чара көрүүнү суранган. Анын айтымында зордукталгандан кийин кыздын боюна бүтүп калган.

"Кыздын апасы Церебралдык шал оорусуна чалдыккан кызын жуунтуп жатып, кызынын курсагы чоңоюп кеткенин байкаган. УЗИге текшерткенде дарыгерлер кызынын боюнда бар экенин айткан", - дешти маалымат булактары.

Бул факты боюнча Түп РИИБде кылмыш иши козголуп, керектүү экспертизалар дайындалып, күбөлөр суралып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6338