"Дордойдо" соода начарлап, товарды өз баасына сатып жаткандар көбөйдү (видео)
RU

"Дордойдо" соода начарлап, товарды өз баасына сатып жаткандар көбөйдү (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Дордой" базарында соода кыйла төмөндөгөн. Сатуучулардын бири Адыл Розбаев ижара акысы, жер салыгы жана кароолчуга эптеп акча чогултуп жатканын айтат. Жигит 13-өтмөктө соода кылат. Анда контейнердин ижара баасы орточо 300 доллар, жер салыгы 1300 сом, ал эми күзөт кызматы үчүн айына 3800 сом.

"Азыр орозо, доллардын курсу көтөрүлүшунөн улам ижара акысын төлөгөнгө каражат жок. Кечээ досторумдан карызга акча алып, араң акча төлөдүм", - деди ал.

Сатуучулардын айтымында, акыркы алты айдан бери соода начар: кышында негизи эле жакшы эмес. Андан кийин доллардын өсүшү менен кризис болду, эми орозо айы болуп жатат.

Дагы бир сатуучу Дмитрий Казакстан менен Россиядан келген кардарлардын аздыгы да соодага таасирин тийгизгенин белгилейт.

"Казакстан менен чек ара жабык, дүйнөдө абал туруксуз, валюта рыногу туруксуз. Бул да таасир берүүдө", - дейт ал.

Дмитрий белгилегендей, баалардан улам мурдагыга караганда азыраак көлөмдө буюртма беришет. Мындан тышкары, жүктөрдү бажыдан өткөрүү баасы кымбаттадган. Мурда килограммына 4,1-4,3 доллардан төлөшсө, азыр 5 доллардан төлөшөт.

"Күн кечке отурабыз, 2-3 адам кирип баасын сурап, дароо чыгып кетишет. Жадакалса баанын биркаларын алып салдык, кымбат товарлар болгондуктан, эл таптакыр эле кирбей калат",- дейт алар.

Азыр дээрлик ар бир контейнерде "Сатып бүтүрүү" деген жазуу илинип турат.

Сатуучулардын айтымында, алар жок дегенде өз баасына сатып, үй-бүлөсүн багышы керек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6339