Кыргызстан Россиянын товарларын башка өлкөлөргө реэкспорттоочу борбор болушу мүмкүн
RU

Кыргызстан Россиянын товарларын башка өлкөлөргө реэкспорттоочу борбор болушу мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Башкыртстан өкүлүнүн айтымында, эгер мындай хаб түзүлсө, россиялык ишканалар өндүргөн продукциясын логистикалык борборго жеткирип, ошол жерде сактап, андан соң башка өлкөлөргө жөнөтүлөт.

Россиянын товарларын башка өлкөлөргө реэкспорттоо үчүн Кыргызстанда логистикалык борбор ачуу маселеси талкууланып жатат. Бул тууралуу Башкыртстандын тышкы экономикалык байланыштар жана конгресс ишмердүүлүгү боюнча министринин биринчи орун басары Лена Изотова билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн Башкыртстандын Кыргызстанга бизнес миссиясынын жыйынтыгы боюнча брифингге катышкан.

Изотованын айтымында, бул маселе Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду менен бизнес миссиясынын биринчи жолугушуусунда талкууланган.

"Бизге бул жерде хаб, логистикалык борбор түзүү сунушталган. Ошондо биздин ишканалар кампалардан продукцияны, мисалы, Кытайга жеткирүүнү уланта алышат. Айыл чарба министрлиги да республиканын түштүгүндө бул вариантты карап чыгууну сунуштады", - деди Изотова.

Адис кошумчалагандай, министрлик логистикалык борбор куруу үчүн жер бөлүп берүүгө даяр. Демек, чет элдик компаниялар продукцияны Кыргызстанга жеткирип, сактап, андан соң башка өлкөлөргө реэкспорттошот.

Булак: Sputnik Кыргызстан

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6367