Иракта 103 жаштагы киши үчүнчү жолу 37 жаштагы аялга үйлөндү
RU

Иракта 103 жаштагы киши үчүнчү жолу 37 жаштагы аялга үйлөндү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ирактын тургуну Хажи Мухейлиф Фархуд аль-Мансури мүмкүн болушунча көп балалуу болууну максат кылып, үчүнчү жолу үйлөндү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 103 жаштагы карыя учурда 15 баланын жана жүздөгөн неберелердин атасы. Ал экинчи аялы таштап кеткенден кийин кайр үйлөнүү той өткөрүүнү чечип, 37 жаштагы аялга үйлөнгөн.

Алардын тою апрель айынын башында өткөн. Карыянын уулдарынын бири атасы экинчи аялы таштап кеткенден кийин аны бир топ убакыт күткөнүн, бирок кайтып келбээрин билгенден кийин үйлөнүүнү чечкенин билдирген. Ал эми карыя балдарынан эч нерсе талап кылбай тургандыгын айткан. "Балдарым мени таштабасын гана тилейм", - деген карыя.

Булак:[urlhttps://www.instagram.com/p/CcXOyG8IeKz/?utm_source=ig_web_copy_link] Супер.кж[/url]

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6378