Кайгуул кызматкери менен чырдашкан депутат Айгүл Айдарова окуянын чоо-жайын айтып берди
RU

Кайгуул кызматкери менен чырдашкан депутат Айгүл Айдарова окуянын чоо-жайын айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин Милициянын кайгуул кызматкери менен Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарованын ортосундагы кайым айтышуу орун алганы тууралуу видео тараган. Маалымат интернет желесине жайылгандан кийин кайгуул кызматкери ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен кызматтан алынганы белгилүү болду.

Ал эми эл өкүлүнө байланышканыбызда окуя боюнча буларды билдирди. Айтымында, ал 4-апрель күнү саат 23:30дар чамасында Чыгыш-5 кичи районунан үч баласы, келини жана бир досу менен ифтардан үйүнө келе жаткан. Ал эми унаа апасыныкы болгон.

"Чүй кең көчөсүнөн Шопоков көчөсүнө бурулуп, пульт менен дарбазаны ачкандан кийин күзгүдөн кайгуул кызматкерлеринин унаасы фарасын күйгүзүп жатканын көрдүм. Короого кирердин алдында мен кандай эреже бузганымды тактоо үчүн токтодум. Жылмайып, эмне болгонун сурадым. Мага кайгуул кызматкери менин унаамдын бурулуш сигналы иштебей жатканын айтты. Рахмат айтып, "эртең оңдотуп алам" деп жооп бердим. Ал документтерди көрөйүн деп суранды. Мен макул болдум. Бул учурда ал мени бир жерден көргөнүн айтты. Мен 10 жылдан бери тергөөчү болуп иштегендиктен мени милиция бөлүмүндө көрүшү мүмкүн экенин билдирдим. Ал менин депутат болгонумду тактады. Мен ооба деп жооп бердим.

Ал арада унаадагы балдар ызы-чуу түшүп, ыйлай башташты. Кызматкерден балдарды тынчтандырып, үйгө жеткирүүгө убакыт берүүсүн, анан документтерди көрсөтөйүн деп сурандым. Ал макул болду, бирок айдоочулук күбөлүгүмдү беришим керектигин айтты. Мен унааны от алдырганда ал капотко жатып алып видеого тартып баштады. Айдоочулук күбөлүгүмдү алуу үчүн сумкамды ачып жаткам, кайгуул кызматкери унаанын ачкычын тартып алды. Мен ачууланып, ачкычты эмненин негизинде жулуп алганын сурадым. Мен андан кандайдыр бир кылмыш кылдымбы деп сурап, ачкычты бер десем берген жок", - дейт ал.

Айдарова балдарды чочутуп албайын деп кызматкерге айып жазып, документтерди, ачкычтарды кайтарып берүүсүн суранган, бирок ал орой мамиле кылганын айтат.

"Кайгуул кызматкери унааны менин досум айдап баратканын айтты. Ал айдай албай турганын айтып, курбум айдоочунун жанында отурганын көрсөттүм. Кайгуул кызматкери абдан орой мамиле жасап, депутаттык күбөлүгүмдү көрсөтүүнү суранды. Көрсөткөндө колума бир чапты, күбөлүк жерге түшүп кетти. Мен ачкычтарды жана бардык документтерди тапшырышын талап кылдым. Жерге түшкөн документимди өзүм алып, эмне үчүн мындай кылып жатканын сурадым. Мени эл шайлаганын, мага сый-урматсыз мамиле жасабоосун айттым. Ал жооп катары мага "жеп жутарлар" деди. Документимди антип ыргытпа деп айттым. Ал колу тийип кеткендиктен документ түшүп кетти деди.

Мен ага окшогон маданиятсыз кызматкерлерден уяларымды айттым. Ал жарандарга кандай мамиле кылып жатканы боюнча пикирин билдирди. Ошондой эле милиция кызматкеринин огунан каза болгон Чыңгыз Абдыраевдин окуясын эске салды.

"Чын эле сенин психикаңды карашпайбы, сен мага азыр да орой мамиле кылып жатасың. Кантсе да мен чыктым, жылмайдым, мага да ошондой жооп кайтарсаңар болмок" дедим. Кызматкерге функционалдык милдеттерин билбей турганын баса белгиледим. Жооп иретинде ал менден ички иштер кызматкеринин милдеттерин айтып берүүмдү суранды. "Экзамен тапшырып жатамбы" десем, "мен дагы мыйзамдарды билбейм" деп жооп берди. Мен таң калып, сөз башында милиция кызматкери, кийин депутат болгонумду айтканымды эске салдым. Эмне үчүн анын сөздөрү карама-каршы келгенин сурадым. Ал мени шылдыңдады. Телефон чалып, эвакуаторду, прессаны чакыра баштады. Аны менен сүйлөшүү мүмкүн эмес экенин түшүнүп, балдарды алып үйгө жөнөдүм.

Эгерде мен жол эрежесин бузсам, анда ал протокол түзүп, менин айдоочулук күбөлүгүмдү кайтарып бериши керек болчу, анткен жок. Жогорку Кеңештин депутатынын статусу боюнча дагы мыйзам бар экенин билбесе керек. Ал бийликтин өкүлү катары өлкөнүн бардык мыйзамдарын билиши керек. Кайгуул кызматкери мага Некрасов көчөсүндөгү техникалык тейлөө станциясында бурулуш сигналдарын түн ичинде да оңдотсо болорун айтты. Мен ага кеңеши үчүн ыраазычылык билдирдим.

Эртеси документимди алганы бардым. Кайгуул кызматкерин бир саат күттүм, ал келип, документтерди өткөрүп берүү учурунда андан кечирим суроону өтүндү. Кызматкер деген бардык жарандарга сылык мамиле жасашы керек. Жакында эле кайгуул кызматкеринин ырчы Нурлан Насипти токтотуп, орой мамиле жасаган видеосун көрдүм. Бул кызматкерден мени токтоткон Жолдошту тааныдым. Анткени, ал дагы өзүн толук тааныштырбай, атын гана айткан.

Мен дагы бир нерсе айткым келет, кайгуул кызматкерлеринин психикалык саламаттыгын текшерүүнү күчөтүү керек. Анан дагы аларга да курал берилбесин дегендерди жактайм. Бул жакшылыкка алып келбейт", - деди депутат.

Булак: Super.kg

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6385